Туголбай казаков биография личная жизнь
Казаков Түгөлбай Токтогулович (28-май 1951, Көпүрө-Базар, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР) – кыргызстандык обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү (2007). Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүгкөн (1973). Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973-76), Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1976-79), Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, башкы редактору (1979-92), 1990-ж. Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадио корпорациясынын төрагасы (1992-93), Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары (1993-96), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005-07), Улуттук телерадио корпорациясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007-09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору. Чыгармачылыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу катары да таанымал. 70тен ашык обондун автору. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» ж. б. ырларга, ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларга, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ырлар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын автору. Жаш кинематографисттердин республикалык конкурстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь ш.), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв ш.) лауреаты. Сомалиде (1977), Швецияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР маданият күндөрүяүн катышуучусу. Т. Казаковдун «Жамгыр» ж. б. ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.
Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]
1951-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусуна караштуу Рыспек Айдаралиев атындагы Көпүрө-Базар айылында туулган.(Өз эскерүүсүндө: Балалыгым Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда өттү.Абасы,суусу да тап-таза.Бизден өйдө кийиктер эле жашайт.Тоолор бийик,жылдыздар жакын.Жылдын жарымы кыш.Ал кезде кар калын түшүп кыш узак болор эле.Кыш чилдесинде,январдын алгачкы түнү кыштоодо,боз үйдө төрөлүпмүн.Жылым койон,жылдызым-Текечер,дарагым-Пихта.)дейт Түгөлбай чоң атам.
Агасы – белгилүү адабият сынчысы, коомдук ишмер Аман Токтогулов.
Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]
Үй бүлөөлүү.Жубайы Гүлсүнай
Учурда 1уул 2кыздын атасы жана тайтасы.
Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]
Түгөлбай Казаков 1960-80-жылдары кыргыз музыкасын калайыкка жакынкылып, заманбап обондуу ырларды жараткан айырмалуу обончулардын бири.
Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]
Ал тууралуу ар кыл баалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Досу Акбар Рыскулов эскерет[оңдоо | булагын оңдоо]
Түрк ааламына түгөл таанымал Түгөлбай Казаков
Жашыл троллейбус
Кайсы бир кечте көчөдө катарлаш кобураша басып, анан троллейбуска түшкөнбүз. Жүргүнчүлөр жапырт бурулуп, негедир биз тарапты карап калгандай сезилген. Эмне болуп кетти? деп жүрөм ичимден.
Байкасам, журттун баары Түкөмдү жалт карайт турбайбы. Айрыкча ыр жандуу кыздардын мойну үзүлүп кетчүдөй. Ошондо троллейбус айдаган адам гана жолдон көзүн бура албай, бирок сүйүктүү ырчысына күзгүдөн суктанып баратса керек.
Баскан жолго баа берүү оңой эмес. Жаркын жылдар, жылдыздуу элестер көз алдыма шурудай чачырап, бир тизимге бирикпей турганы. Түкөм экөөбүз троллейбуска чогуу түшпөй калганыбыз качан!..
70-80-жылдар кыргыз улуттук обон тарыхында өзгөчө бир өнөгөлүү доор болду го. Рыспай, Сардарбек, Калыйбек, Аксуубайлардын көчүн улай чыккан Түгөлбай Казаков менен адеп комсомол съездинде таанышкам. Ысык-Көлдөн шайланган делегат менен маегим “Ленинчил жашта” жарыяланып, экөөбүздүн ортобузга көпүрө болгон. Кийин анын талапкерлиги дал ошол “Ленинчил жаштан” комсомол сыйлыгына көрсөтүлүп, лауреат атанган.
“Жакшынын шарапаты” дегендей, Түкөмдүн аркасында музыка дүйнөсүнүн чыгаан чыкмалары менен аралаштым, арбын тилек, көп кызыкка күбө болдум. Маэстро А.Жумакматов, төкмө акын Э.Турсуналиев баштаган С.Жумалиев, З.Үсөнбаев, А.Керимбаев сыяктуу таланттар менен аралаш-куралаш мамиле түздүм.
Жаштыктын бир жаркын кечинде Мукан Рыскулбековдун үйүндө Түкөм, Токон Эшпаев төртөөбүз чогулуп калганыбыз эмдигиче эсимде. Мукан маркум анда гитаранын кылдарын сыздатып, Токон токтобой ырдап, Түгөлбай кыякты боздотуп турган кезеңи. Шаңдуу кечтин шарданын мен да коштоп, колду кере шилтей ыр окугам. Өнөр сайыштын кызыгын ушундан билиңиз, убакыт кандай өткөнүн, таңдын кандай атканын төртөөбүз тең байкабай калыппыз.
Кызык, азыркы “жасалма жылдыздар” андагыдай жылдыздуу учурларды башынан кечире алар бекен? Нагыз жылдызга айлануу үчүн башкаларга жарыгыңды тегиз чачып туруу зарыл эмеспи.
Өнөр адамы өзү кубанганы бир тең, өңгөлөрдү кубантканы бир тең. Жекелеп “Мерседес” минбей, жашыл троллейбуска эл менен бирге түшүп жүргөн ошондогу жаш обончулар нагыз бактылуу муунбу деп кетем.
“”Насыйкат” кантип жазылган?
Көлдөн каттаган сайын Түкөм редакцияга кайрылып, чыгармачыл пикир алмашып, ысык ымалада болуп кеттик. Кайсы бир келишинде мага күтүүсүз сунуш айтты. Кандай дебейсизби?
Кадимки Карамолдо черткен “Насыйкатты” ырдасак дейт.
Адеп макул деп баш ийкеп койсом да, ал сунушка кантип киришип, кандай орундоону билбей жүрдүм.
Күү деген күү. Түпсүз, чексиз мухит сыяктуу. Күңгүрөнө күмбүрлөп, сырын ичке жашырып, купуясын ашырып чертилет. Ар ким ар кандай кабылдайт. Анан калса “Насыйкаттай” залкар күүгө эмне деген сөз жазып, кандай жан киргизүү керек? Тилсиз күүгө кантип тил бүтүрөм?
Арадан айлар өтө бергенден улам Түкөм менин абалымды түшүндү. Акынга шыкак керек. “Кыргызстан” мейманканасына жайгашкан экен, ошондо чакырды. Маңдай-тескей отуруп алып “Насыйкатты” угабыз. Колуна комуз кармап, шартылдата чертет. Кайра күүлөйт комузду. Анан “Насыйкатты” аккордеонго салып аткарат. Мага түшүнтүү үчүн домбурага салып иймейи да бар. Айтор, тажабай кайра башынан түшөт.
Бул көрүнүш бир эмес көп кайталанды. Шаарда экөөбүздүн тең турак-жайыбыз жок болгондуктан “Ленинчил жаштын” иш бөлмөсүндө, тааныш-билиштердин үйлөрүндө изденген күндөрүбүз арбын болду. Акыры менин кум куюлган кулагым ачылып, залкар күүнүн табышмактуу кайрыктары сезимде жаңыра баштаган сыяктуу: бу-бу, бу-бу…, бу-бу, бу-бу…
Бул тыбыштар жүрө-жүрө “Бул Насыйкат, бул Насыйкат” деген сөздөргө бирикти. Андан ары “Бул Насыйкат сага калган, бул Насыйкат мага калган” деген сүйлөмгө жалгашты. Кекилик кармаган баладай кытылдап сүйүнгөнүмдү айтпаңыз!
Түшүндүм. Толук аңдай элек болсом да “Насыйкат” үч бөлүмдөн турарын боолголоп түшүнө баштадым. Эпилог, пролог, анан албетте ортодогу негизги бөлүм. Кандай гана классикалык үлгү, кандай так композиция. Көөнө кыргыз күүлөрүндө классикалык музыканын, симфониянын мөлтүр башаты жаткан тура. “Насыйкат” ырдалат тура. Ушуну калт кетирбей байкаган Түкөмө баракелде!
Күүнүн кайрыктары кулагымда жаңыра баштаган күндөн тарта анын кириш жана корутунду бөлүмүнө сөздү тез эле жазгандай болдум сыңары.
Бирок негизги бөлүмдүн өзөгүн кайсы сюжет жана кандай окуя түзүүгө тийиш, эмнени баяндап, эмнени түркүк кылуу зарыл?
Түкөмдүн айтымына караганда, Карамолдо атабыз бул күүсүн черткенде тек гана “насыят күү” деп койчу экен. Музыкага тиешелүү китептерди өзүм да аңтарып көрүп, буга кошумча жарытылуу маалымат таба албай кыйналдым. Эмне кылуум керек?
Ар акын өз тажрыйбасына, көргөн-билгенине таянат. Мен дагы бала кезден уккан бир болумушка кайрылгым келди. Боом капчыгайынын ичинде Кыз-Күйөө делинген жер бар. Чоң атабыздын конушу андан алыс эмес болгондуктан Кыз-Күйөөнүн кайгылуу тарыхын эртелей эшиткем. Бирок канча тытмаласам да бул окуя негедир залкар күүнүн залкар жүгүн көтөрө албоочудай.
Албетте, “Насыйкаттын” өзөгүн жалпы улутка тиешелүү чоң тарыхый болумуш түзүүгө тийиш. Ошентип элдик санжырада кеңири таралган Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында да баяндалган Бугу-Эне жөнүндөгү уламышты залкар күүгө өзөк кылып алдым.
Бул санжырада өмүр менен өлүмдүн, үмүт менен күдүктүн кармашы жүрөт. Мүйүзүнө бешикти иле качкан Бугуну кара күчтөр кубалайт. Кара ниет күчтөрдү жалпылаштыра мен Жебе деп алдым. Бугу менен Жебенин кармашы кантип бүтүүгө тийиш? Жебени жеткирип койсоң элдин тукуму соолуйт. Жок, жеткирбей койсоң жөнөкөй жомокко окшошуп калат.
Ошондо мага “Манастан”, “Семетейден” калган элдик философия аян берип, көмөккө келди көрүнөт. Эң кыйчалыш кырдаалда “Эй! Жебе жетеби, жанып өтөбү?” деген суроодон кийин “Кайып болуп кет эми” деген ой кайыптан бүттүбү ырасы?!
Түкөм ырдап чыкты, ырдаганда да кандай! 70-жылдары “Насыйкат” таңды-кечке радио менен теледен түшпөй калды го…
Кетмен-Төбө жергесине сапар буйруп, экөөбүз райондун борбору Токтогулда катарлаш баратканбыз. Көчөдөгү радиодон “Насыйкат” жаңырат. Бправолспрр
изге бет маңдай туштан чыккан балпайган ак байбичеге баш ийкей сыпаа учураша өтө бердик.
– Айланайын, Түгөлбайсыңбы? – деп кайрылган байбиче бетинен өөп, алкышын айта баштады: – Өркөнүң өссүн! Өнөрүң өркүндөсүн ылайым! “Насыйкатың” жер жарып, дүбүртү катуу чыкты. Элге жакты. Күнү кечээ неберелүү болуп, атын сенин ырыңдан Насыйкат койдук!
“Баламдын аты сенин ырыңдан!” – өнөр ээсине мындан ашкан бата, мындан ашкан бакыт жок! Кадимки Карамолдо атабыз кастарлап черткен, досум Түгөлбай кайра жаңырткан “Насыйкатка” акын катары менин да тиешем болуп калганына ичимден ийип, сүйсүнүп турдум.
Ырасында, “Насыйкаттын” сөзү татаал. Ырдын муун сандары муунакталып, узарып же кыскарып, улам өзгөрүлө берет. Бир “аксакал музыковед” аны талдай келе, ырдын аягы так эмес, табышмактуу бүтүп калган деген пикир жазганын окугам. Мен муну тактоо эмес мактоо деп түшүнөм. Анткени, ар бир ырдын өз табышмагы, катылуу сыры болууга тийиш. Артынан сая кууган Жебеден кутулуу үчүн Марал кайып болуп кеткени – бул менин табылгам эмес, элдик философиянын туу чокусу.
Кыргыз күүлөрүн ырдап чыгууга башка композитор, ырчылар дагы аракет кылып көрүштү, бирок негедир максатка жетпеди. Менимче, ырдала турган күүнү табуу үчүн Түкөмдөй кылдат угуп, терең түшүнө билүү зарыл. Бул бир. Экинчиден, ошол күүлөргө жазылган тексттерде эч табышмак болбой, элди бир укканда тажатып коюп жүрбөсүн?
Түкөм мага “Насыйкатты” ырга салалы” деп кайрылганда, мынчалык ийгилик болот деп күткөн эмесмин. Кыргыз жергесинин туш тарабында Насыйкат аттуу кыз балдар кызгалдактай кулпуруп чыга баштады. Менин өз иним дагы кызынын атын Насыйкат койгон.
(“Агым” гезити, 2011-жылдын 7-октябры).
Акбар Рыскул, акын
Чыгармаларынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
- «Алтын балалык» с. Ж.Алыбаевдики
- «Элегия» с. О.Султановдуку
- «Жамгыр» с. Т.Казаковдуку
- «Сүйүү жазы» с. Р.Карагулованыкы
- «Гүлзарлар» с. К.Адамалиевдики
- «Эстелик» с. Т.Мамеевдики
- «Гүлдөр» с. И.Исаковдуку ж.б.
Дисктери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Арман (А.Токтогулов) – Кыргыз филармониясынын ырчылары ырдашат. Мелодия. Стерео 33, 1990. С 3029597.
- Сүйүү жазы, 1980.Махабат баяны, 1982.
Ноталуу китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Ырлар: Обондуу ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986.
Ал тууралуу чыгармалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Ар кыл наамдары, сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]
Чыгарган обондорунун тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Обондору пайдаланылган кино тасмалардын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Казаков, Т. Эсимде. Бишкек: Учкун, 2011. ISBN 978-9967-439-77-1
- Х. Н. Анаркулов. Кыргыз эл оюндары. -Ф.: 1981, ISBN-10(13):5-65500669-3
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Олуттуу макалаларынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- https://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_politics/2201548.html
- https://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_politics/2295337.html
- https://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_islam_tradition_discussion_opinions/24249068.html
- https://kmb3.kloop.kg/?p=7942 – Сулайман Рысбаевдин макаласы
Ар бир элдин мактанар, сыймык тутуп өнөрүн сүйөр таланттары болот. Бизде андай арбын арыш керген таланттарыбыз четтен чыгат. Дал ошол өнөр көрөӊгөсү көкүрөгүнө нуска болуп кыттай уюп калган, көп тараптуу Түгөлбай Казаков агайыбыздын бейнесине үӊүлөлү.
– Түгөлбай агай, сиздин чыгармачылыкка болгон ышкыӊыз тээ балалыгыӊыздан башталганын айтып жүрөсүз. Атактуулукка карай жолуӊуз ошондо эле башталган экен да?
– Ал кезде атакты ким ойлоптур? Айылыбыздын аты чыкса деген тилек менен жазчубуз. Бизден улуулардын макала, ырлары гезитке чыгат да, анан алардын жолун уласак дейбиз. Макалаӊ чыкса аябай сүйүнөсүӊ. Мен “Известия” гезитине алгачкы куш кабарым чыкканда укмуш эле болгом. Ананчы, өзүм орусча билбесем, макалам Москвадан орус тилинде чыгып жатса…
– Орусча билбесеӊиз кантип жаздыӊыз анан?
– Ал кезде райондук гезит эки тилде чыкчу. Чыккан макалабыз орус тилине да которулуп басылчу экен. Орусча окубасак аны кайдан билмек элек? Бир агайым “орусчасын кайра көчүрүп, тээ Москвадагы “Правда”, “Известия”, “Труд” деген гезиттерге салып жиберсеӊ, чыгар бекен” деп даректерин берген. Салып жиберсем чыгып кетип жатпайбы!
– Обологон обондор көкүрөктү качан кытыгылай баштаган?
– Обон чыгаруу далалаты мектепте, 8-класста окуп жүргөндө башталган. Райондук гезитке Байдылда Сарногоевдин “Колхоз кызы Жаӊылга” деген ыры чыккан. Мен ары жок ага обон чыгарып ийип, аным ар кайсы обонго окшошуп турганына карабай эл алдына аӊылдап коё берерде, “Ой, бу кайсы Жаӊыл?! Кимдин кызына арнадыӊ эле, ыя?” деген сурак башталганда Кудай мага эс берип, тизгинимди тартып алгам. Ошондон кийин “Алтын балалыкка” чейин обон тууралуу ооз ачкан жокмун. Чыгармачылыкта ар кимди туурап тамтаӊдаган кез болот. Аны бири ачык айтса, бири асмандан түшө калгансып жашырат. Ар бир адам ал кезден өтүш керек экен.
– Өзүӊүзгө журналистика жакынбы же обончу-ырчылыкпы?
– Обон, ыр, поэзия, проза, котормо, журналистика, кыскасы, чыгармачылыктын бардык багыттары адамдагы көркөм дүйнөнү түрлөнтүп чагылдыруучу эстетикалык каражаттар эмеспи. Булардын кайсынысын беттесе да адам ошондон ырахат алып, майнап чыгарса, анда өмүрү текке кетпейт. Эргүү бардыгында бар. Кеп анын сага кандайы келгенинде. Обу жогу келип алса, анда элге шылдыӊ болосуӊ.
– Атактуулуктан эмне таптыӊыз?
– Атак-даӊк сыртынан жайдаӊдап таманыӊа май сүйкөп турганы менен, түпкүлүгүндө акыл-эсиӊди тумандатып, душманыӊды көбөйтүп, нугуӊдан чыгарып, жеӊил-желпи кишини жээктен алыс ыргыта турган кургурлар. Аты чыккан кишинин жолу бир топ эле татаал болот экен. Аны көтөргөн бар, көтөрө албай көйгапка кеткендер бар. Антпешке чоӊ акыл керек. Кечээки досуӊ бүгүн сага көр казып жаткан болот. Тааныбаган эле бирөөлөр кас душманга айланат. Себебин билбеген бойдон каласыӊ. Кыскасы, агын да, карасын да көрдүм. Эӊ эле көӊүлдү кайт кылганы – өз кишиӊдин көрө албастыгы. Эми материалдык байлык жөнүндө айтсам, силерге жалган, мага чын, биздин муундан аты чыккандардын көбүнүн аты улук, супарасы курук. Тээ Атай, Муса, Мыскалдардан бизге чейинкилердин арасында бай обончу болгон деп уктуӊар беле? Мисалы, мен 1980-жылы 2 саат 40 мүнөттөн турган жеке концертимди бердим. Сахнада менден башка эч ким болгон жок. Аккордеон экөөбүз үч күн бою кара терге түшүп турдук. Ошондо мага 4 сом 50 тыйын төлөштү. Ал акчага ошол кезде бир бөтөлкө арак келчү. Популярдуулугум апогейинде турган кезди айтып жатам. Анан кайдан материалдык байлык топтойт элем?
Кийин кайра куруу мезгилинде Асанкалый экөөбүз бир аз концерт койдук. Ошондо деле эки киши чыгасыӊбы, эки жүз киши чыгасыӊбы, концерттен түшкөн таза кирешенин 30 пайызын гана берчү. Азыр 30 пайызын берем деп чакырсаӊ бир да ырчы жеке концертин койбойт. Мунун баарын аки-чүкүсүнө чейин эмнеге айтып жатам? Биздин элде атактуунун баары бай деген түшүнүк бар экен. Мен өмүр бою айлык менен жашадым. Короо толо малыӊ, күргүштөгөн бизнесиӊ, нарктуу акцияларыӊ, жеке ишканаларыӊ болбосо байлык кайдан келмек эле? Же Эстебес ага айткандай, эл бизди арыктын жээгинен акча терип жүрөт деп ойлойбу? Тоолуктардын “Жыйырмага чейин күчү жоктон күч сураба, отузга чейин акылы жоктон акыл сураба, кыркка чейин байлыгы жоктон акча сураба” деген кеби бар эмеспи. Алтымыштан кийин кайдагы байлык?!
– Өзүӊүз эле өргө карай оргуштап чыгып кеттим десеӊиз жаӊылыштык болор. Сизге ким жол көрсөттү, жардам берди?
– Жолго салган, өмүр бою кеп-кеӊешин берген апам менен эки агам болду. Өнөргө тарткандар 60-жылдардагы керемет обончулар. Музыка дүйнөсүнө өтө кылдаттык менен алып кирген Алаев деген агайым. Маданият тармагындагы жолумду көзөмөлдөгөндөр Акун Токтосартов менен Мелис Шаршенбаев. Тогуз жолдун тоомунда жер муштатып саясатка алып кирген Мелис Эшимканов болду.
– Бизде бир жаман касиет бар, жакшыны буттан чалган…
– Ээ, иним, эмнесин айтасыӊ. Андайлар учурунда да болгон, азыр да болуп жатат. Ичи тарлар тирүү турганда бул адат калбайт. Ошондуктан кийинки муунга айтар элем, кекчил, ичи тар, ыплас, ичкичтерге эгерим жакын жолобогула. Кекчили сенден кетпесе деле бир күнү союп түшөт. Ичи тары өзүнөн өйдө чыгарбаш үчүн сага кылбаганды кылат. Ыплас адамды киши экен деп сыйласаӊ төрүӊө кусуп кетет. Булар ырыстуу дасторкондо кеп кылбай тургандар.
– Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты албай калышыӊызга да ушундай түркөйлүк сапатыбыз кедергисин тийгиздиби деп турам…
– Бул жолу берилбей калды деп кейибейм. Казактарда Мукагалы Макатаев деген мыкты акын болгон. Көзү тирүүсүндө бааланбай жүрүп, 1976-жылы 45 жашында каза болуп калган. 24 жылдан кийин ага Абай атындагы мамлекеттик сыйлык берилди. Район, айыл, көчөлөргө аты коюлду. “Мукагалы” деген журнал чыгат. Мукагалы атындагы адабий сыйлык бар. Бирок ал булардын бирин да көрбөй кетти. Ал басынып жүргөн кезде минтип жазыптыр:
“Эмне жетсин тирүүлүктө көргөнгө?
Тек өмүрүм өтпөсө экен шерменде.
Не жини бар?
Бакыт мени көргөндө,
Кетет үркүп, эми жете бергенде”.
Ага жан талаша бут тоскондордун бири өзүнүн эбактан берки жолдошу экен. Ал Мукагалыга келип жойпуланып, мындай чыгып, анын көрүн казып, анын душмандарына кошомат кылып сыйлык-пыйлык алып жүргөнү Мукаӊа жетип калган экен.
“Ары таза дечү элем, жаны жакшы,
Калган көӊүл кантейин, наалымакчы.
Кайда барып, кайраным, жарымаксыӊ?
Сүт издеген түрткүнчөк ак улаксыӊ.
Калемиӊдей учтай бер жагынганды,
Жагындыӊ да, жалындыӊ, багыӊ жанды.
Таӊдандыра билбеген башкаларды,
Таасын билет башкага табынганды”.
Муну жакында Алматыда казак досторум Мукагалынын китебин берип жатып айтып беришти эле. Эмне дейбиз? Казактарда мамлекеттик сыйлык жалпы чыгармачылыкка берилет. Бизде болсо акыркы жаӊылыктарга берилет турбайбы. Ушул күндөрдө жолуккан комиссиянын мүчөлөрү “добушубузду сага бергенбиз, бирок аз болуп калдык” дешет, акылдашып алгандай. Минткендердин саны он бештен ашып кетти. Анан ойлоп коём, комиссия 24 кишиден турса, 70 пайызы мага добуш берсе, демек, добушту санагандар жайлаган экен да. Муну угуп алып бир юрист таанышым “сотко бербейсиӊби, комиссия мүчөлөрүнүн ар бирин сураганда алардын чыныгы жүзүн көрөсүӊ” дейт. Чынында эле жободогу түшүнүксүз нормалар менен процедуралык чала иштерди сотто териштирсе, анан ошол жерден чыгармаларымдын эмне себептен татыксыз экенине ар биринин аргументин уксам дейм. Бул процесстин пайдасы кийинкилерге тиет эле.
– Эми жаш кезге кайрылалы, кыздарды кандай сүйчү элеӊиздер?
– Кандай болмок эле, жолугушууга барчубуз. Анан биздин тилибиз каякадыр тартылып кетчү да, дудуктардай болуп үн жок, сөз жок, колун кармагандан коркуп, башыбыздан түтүн чыккыча ойлонсок да сөз баштай албай басып кете берет элек. Эӊ эле чечендери “күн сууп калды, ээ?” десе берки “ии” деп, ошону менен сөз бүтчү.
– Күчтүү эркектин артында сөзсүз мыкты, акылдуу аял турат деп коёт. Жеӊебиз менен кайдан, кантип табышып калгансыздар?
– Күчтүү эркек, күчтүү аял дегенге анча түшүнө бербейм. Анткени кыйын, күчтүү дегендериӊ деле кайсы бир жерде сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп калат экен. Ошондуктан күчтүү-мүчтүүсү жок эле, бир мүнөз болгон дуруспу дейм. Үй-бүлөдө болсо күчтүн кереги жок. Эгер жылдызы келишпесе, анда бакытты байласаӊ да турбайт. Биз жубайым экөөбүз бир институтта окуп, таанышып, баш кошконбуз. Акылдашып оокат кылгандарга киребиз. Жеӊеӊер чыгармачылыгымды дайыма колдоп келди.
– Кызыктуу маегиӊизге рахмат! Эл ичинде эсен жүрүӊүз.
“Шайлообек редакцияларга барып, “Түгөлбай илгери “Жамгыр төктүнү” жазып коюптур, ошого эле сыйлыкты беребизби?” деп кыйкырып жүрбөйбү. Шакеӊдин Токтогул сыйлыгын алган “Эки дөөнүн кармашы” чыгырмасынын идеясын мен айтып жаздыргам”.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg
“Супер-Инфо” гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.